Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Москвада Навальныйдын тарапташтары кармалды


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Москвада полиция оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жаткан оорукананын алдына чогулган анын тарапташтарын кармап кетти. Журналисттердин айтымында, 20дай киши кармалды. Саясатчынын штабы автозакта кеминде 12 киши болгонун билдирүүдө. Алардын арасында журналисттер, “Дождь” телеканалынын кабарчасы да бар экени белгилүү болду.

“Медиазона” Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун юристи Александр Помузаев, сүрөтчү Георгий Марков кармалганын жазды. Фоторепортер пресс-картасы болгонуна карабай аны уруп-сабап, полиция фотокамерасын сындырганын айткан. Кармалгандардын бир бөлүгү полиция бөлүмүнө жеткирилди.

Орусияда оппозициячыл саясатчы, Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун башчысы, №1 атайын кармоо жайында административдик жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Алексей Навальный 28-июлда эртең менен клиникалык ооруканага жаткырылган. Фонддун басма сөз катчысы Кира Ярмыш дарыгерлер Навальныйга “курч аллергиялык реакция” деген аныктама бергенин билдирген. Маалыматка караганда, саясатчынын бети шишип, териси кызарып кеткен. Ал эмнеден аллергия болгону аныктала элек.

XS
SM
MD
LG