Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:29

Нигерияда "Боко харамдын" согушкерлери 65 кишини өлтүрдү


"Боко харам" экстремисттик тобунун мүчөлөрү
"Боко харам" экстремисттик тобунун мүчөлөрү

Нигериянын түндүк-чыгышында “Боко харам” радикал тобунун согушкерлери тажыядан кайтып келаткан адамдарга кол салып, кеминде 65 киши каза болду. Дагы 11 киши жараат алганын жергиликтүү бийликтин өкүлү Махаммед Булама билдирди. Кол салуу 27-июлда "Боко харам" активдүүлүк кылган Борно райнонунда болгон. Эки апта мурда тургундар ушул райондо бул топко буктурма уюштурган. Буламанын айтымында, анда 11 согушкер өлтүрүлгөн.

Жергиликтүү тургундардын жана күч түзүмдөрүнүн белгилешинче, радикал топтун мүчөлөрү тажыядан кайткан адамдарды мотоцикл жана фургондон аткылаган.

Президент Мухаммад Бухари бул кол салууну айыптап, Нигериядагы коопсуздукту жакшыртууга убада берди.

Соңку тогуз жылда "Боко харамдын" чабуулунан Нигериянын түндүк-чыгышында эле 20 миңдей киши каза болуп, эки миллионго жакын адам үй-жайын таштап кетишкен.

XS
SM
MD
LG