Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

“Jhong ji Mining” компаниясынын ишин текшерүү бүтө элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык “Jhong ji Mining” компаниясынын ишин текшерүү аяктай элек. Бул тууралуу Экотехинспекциянын Тоо-кен башкармалыгынын башчысы Жолдош Нурмамбетов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, аталган жайлоодон алынган топурак, суунун анализи бүгүн, 29-июлда белгилүү болот.

Буга чейин кой-козу жапырт кырылып жатканы айтылган Нарындын Солтон-Сары жайлоосундагы суу жана топурак алгачкы жолу текшерүүдө таза чыккан. Кийин тургундардын кайрылуусунан кийин экинчи жолу текшерүүгө жиберилген.

Буга чейин биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Солтон-Сары кенин иштетип жаткан кытайлык “Jhong ji Mining” компаниясынын ишинде кемчиликтер бар экенин айтып, аларды оңдоо үчүн эскертүү берилгенин жергиликтуү тургундар менен жолукканда билдирген.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов Солтон-Сарыда малдын 66 пайызы өпкө, боор жана ичегинин мите оорусунан кырылганын айтты.

“Jhong ji Mining” компаниясы Солтон-Сарыда кен казуу жана чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Мамлекеттик геология агенттигинен лицензияны 2012-жылы алган. Анын негизинде быйыл кен иштетүүчү комбинат курууну пландап жатат.

Лицензия берилген аймакта 11 тоннага жакын алтын бар экени айтылып келет. Бул чет элдик компанияда 160 айыл тургуну иштеп жатат. Алардын орточо айлык акысы 20-25 миң сомду түзөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG