Орусиянын президенти Владимир Путин аскер-деңиз флоту ар бир агрессорго сокку берүүгө кудуреттүү экенин 28-июлда Санкт-Петербурдагы парад учурунда билдирди. Ал кемелердин биринин бортунда сөз сүйлөп, жыл сайын өтүүчү салтанат “Орусияга берилип, чын дилинен ар кайсы убакта кызмат кылгандарга арналып жатканын” белгиледи.
"Биздин аскер-деңиз флоту өлкөнүн коопсуздугун жана улуттук кызыкчылыгын ишенимдүү түрдө камсыз кылат. Ал кандай гана агрессор болбосун жооп берүүгө кудуреттүү. Буга курал-жарактын уникалдуу үлгүлөрү кепил боло алат".
Орусиянын аскер-деңиз флотунун күнүнө арналган парадга Невада суу алдында жүрүүчү 43 кеме, 41 учак жана төрт миңдей аскер кызматкери катышты. Ушундай эле парад Орусиянын башка жерлеринде, Сириянын Тартус портунда, Севастополдо, 2014-жылы Орусия тарабынан аннексияланган Украинанын Крым аймагында өттү.