Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:20

Кулматов менен Ибраимовдун соту уланат


Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.
Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматов.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту мурдагы мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун ишин кароону улантат. Адвокат Сергей Слесаревдун “Азаттыкка” билдиришинче, жабыркоочу жана Индия менен түзүлгөн келишимге байланыштуу күбө суралат.

Кулматов "Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган" деп күнөөлөнгөн. Албек Ибраимовго "“Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү "Күнөстүү жээк" пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар" деген айыптар коюлган. Сот алардын бөгөт чарасын улам узартып келатат. Ага ылайык, экс-мэрлер 6-сентябрга чейин УКМКнын абагында болот.

Экс-мэрлердин ишин бириктирип кароо тууралуу чечим 6-марттагы жараянда кабыл алынган. Аны бөлүп кароо боюнча адвокаттардын бир нече жолку өтүнүчү канааттандырылган эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG