Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Токтогулда жол кырсыгы бир өмүрдү жалмады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токтогулда жол кырсыгынан улам өрт чыгып, бир адам каза тапты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, окуя 29-июлда эртең менен Үч-Терек айыл аймагында болгон.

“Хонда Стэп” жана “Тойота Камри” автомашиналары кагылышып, “Хонда Стэп” өрттөнгөн.

Каза болгон адамдан тышкары дагы жети адам жараат алды.

Соңку сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 34 өрт кырсыгы катталды.

XS
SM
MD
LG