Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:26

Иркутскидеги ташкындан улам миңден ашуун киши коопсуз жайга көчүрүлдү


Ташкында жабыркаган Тулун району.
Ташкында жабыркаган Тулун району.

Иркутск облусунун жетекчилиги суу ташкынынан улам миңден ашуун кишини коопсуз жайга көчүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башкармалыгы 29-июлда тараткан билдирүүгө ылайык, ушул түнү алты районду суу каптады.

“Жалпысынан 1076 киши көчүрүлдү, алардын 615и балдар. Убактылуу ачылган пункттарда 41 киши бар, алардын сегизи балдар”, - деп билдирди ӨКМ.

Иркутскиде 25-июнда башталган нөшөрдөн улам беш чоң дарыядан суу ташкындаган. 42 миң калктуу 11 миң үйдү суу каптаган. Расмий маалымат боюнча, ташкында өлгөндөрдүн саны 25ке жетти. Жети кишинин дайыны чыкпай жатат.

Синоптиктер бүгүн, 29-июлда да катуу, нөшөрлөп жаан жай турганын эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG