Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Финпол: Жемкорлордон дагы 7,5 млн. сом кайтарылып алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 7 миллион 572 миң сом өлчөмүндө акча которду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Ошентип, бүгүнкү күнгө карата Финансы полициясы Бирдиктүү эсепке которгон акча каражаттарынын жалпы суммасы 763 миллион 324 миң сомго жетти.

2018-жылдын 8-февралында президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, жыйынтыгында cот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Ошол эле жылы июнь айында экономикалык жана кызматтык кылмыштардан улам мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруудан келип түшкөн акчаны эсепке алуу жана топтоо үчүн Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG