Чоң-Алайда орусиялык альпинистти издөө иштери бүгүн да уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Абдыманап Дыйкановдун айтымында, 45 жаштагы орус жараны акыркы жолу 27-июлда байланышка чыккан:
- Ленин чокусунан түшүп жатып, 5000 метр бийиктикке келгенде байланышкан. Ошо бойдон дайынсыз болууда.
Альпинистти ӨКМдин алты адиси жана "Горы Азии", "Ак-Сай Трэвел" компанияларынын 3600 метр жана 4000 метр бийиктикте жайгашкан куткаруучулары издеп жатышат. (RK)