Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:35

Комуз күнү жыл сайын белгиленип турмай болду


Көчмөндөр оюндарындагы комузчулар.
Көчмөндөр оюндарындагы комузчулар.

9-сентябрь мындан ары Кыргызстанда жыл сайын белгиленүүчү Комуз күнү болот. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кол койду.

“Азыркы шартта комуздун жаңы маанисин ачуу керек, ал кыргызстандыктардын көп түрдүү маданиятындагы биримдиктин символу болууга тийиш. Кыргызстан элинин маданий интеграциясы коомдогу тынчтыктын, ынтымактын жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизи болуп калат. Ушуга байланыштуу Кыргызстандын этностук коомчулуктарынын маданият аралык диалогун кеңейтүү үчүн салттуу музыканын ролун күчөтүү зарыл” деп айтылат президенттин жарлыгында.

Мамлекет башчысы жарлыкты ишке ашыруу багытында тиешелүү мекемелерге бир катар тапшырмаларды берди.

XS
SM
MD
LG