Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

Кабулдагы чабуулдан 20 киши мерт болду


"Жашылдар багыты" кыймылынын кеңсеси жайгашкан төрт кабаттуу имарат, Кабул, 29-июль 2019-жыл.
"Жашылдар багыты" кыймылынын кеңсеси жайгашкан төрт кабаттуу имарат, Кабул, 29-июль 2019-жыл.

Ооганстандын президенти Ашраф Ганинин өнөктөшү, мурдагы ички иштер министри Амрулла Салехтин Кабулдагы кеңсесинде жекшемби күнү болгон жардырууда жана атышуудан кеминде 20 кишинин өмүрү кыйылды. Андан саясатчы менен кошо баш-аягы элүүдөй адам жаракат алганын ооган өкмөтү 29-июлда билдирди.

Маалыматка ылайык, жекшемби күнү белгисиз куралчан адамдар Салехтин "Жашылдар багыты" кыймылынын кеңсеси жайгашкан төрт кабаттуу имаратка чабуул коюшкан. Алардын ооган коопсуздук күчтөрү менен атышуусу алты саатка созулган. Күбөлөр кармаш маалында жардыруунун добушу угулуп турганын айтышты. Кол салууга азырынча эч бир тарап жоопкерчилик ала элек.

Салех 28-сентябрда өтө турган президенттик шайлоодо Ганинин талапкерлигин колдоп, өзү вице-президенттик үчүн ат салышууда.

XS
SM
MD
LG