Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:38

Орусиядагы мигранттарга укуктук кеңеш берүү өнөктүгү уюштурулат


Сахароводогу миграциялык борбор.
Сахароводогу миграциялык борбор.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттарга укуктук кеңеш берүү уюштурулат. Миграция кызматы кабарлагандай, каалоочулар август айынын башында мекеменин Москвадагы өкүлчүлүгүнө барып, суроолоруна жооп алса болот.

Иш-чаранын максаты – Орусияга иштегени барган кыргыз жарандарына эмгек укугу жана милдеттери, кулчулукту алдын алуу чаралары тууралуу маалымат берүү.

Өкмөттүн маалыматына таянсак, учурда сыртта иштеп-жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 750 миӊден ашат. Анын 616 миӊи Орусияда. Ал эми расмий эмес булактарда Орусиядагы мигранттар эле миллиондон ашары айтылып жүрөт.

Кулчулукка кабылган кыргызстандык жарандардын 70 пайызын мигранттар түзөрү Бишкекте өткөн "Эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо жана кулчулуктун алдын алуу" деп аталган талкууда айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG