Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:15

Эсеп палатасынын кызматкери УКМКга камалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эсеп палатасынын инспектору Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигиндеги финансылык тартип бузууларды жашырган деп шектелүүдө. Бул тууралуу 29-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын өкүлү Асель Адылбек кызы "Азаттык" радиосуна билдиргенине караганда:

- Эсеп палатасынын башкы инспектору А.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, агенттиктеги кызматкерлердин каржылык укук бузууларын жаап жашырган.

Кылмышка шектүү кызматкер Жазык кодексинин 320-беренеси боюнча айыпталууда.

Ал Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын убактылуу кармоочу жайына бир айга камалды. (RK)

XS
SM
MD
LG