Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 02:31

Кытайлык казактардын укугун коргогон активисттин соту башталды


«Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун лидери Серикжан Билаш.

Казакстанда кытайлык казактардын маселесин көтөрүп келген «Ата Журт ыктыярчылары» уюмунун лидери Серикжан Билаштын соту башталды. Ага "улут аралык кастыкты козуткан" деген айып тагылууда.

Алгачкы соттук жараян 29-июлда Нур-Султан шаарында өттү. Бирок анда судья активист "экстремисттик билдирүүлөрүн" Алматы шаарында айтканын белгилеп, иш бул шаарда каралышы керек деген чечим чыгарды.

Билаш үй-бүлөсү менен кошо Алматыдагы батиринде үй камагында кармала турган болду.

Кытайдан көчүп келип, Казакстанда отурукташып калган Серикжан Билаш март айынан бери үй камагында жатат. Ал Кытайдын Шиңжан аймагындагы кайра тарбиялоо лагерлеринде кармалган казактардын таламын талашып, Казакстанда түрдүү акцияларды, басма сөз жыйындарын өткөрүп келген. Активист өзүнө коюлган айыпты четке кагып, кылмыш иши саясий негизде козголгонун билдирип келет.

29-июлда Алматы шаарында Билашты колдогон акция өттү. Акимчилик имаратынын алдына чыккан адамдар колдоруна «Серикжан Билашка эркиндик» деп казак жана англис тилдеринде жазылган кагаздарды кармап турушту.

XS
SM
MD
LG