Жекшемби күнү абакта жаткан жеринен ооруканага жеткирилген орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абалы "канааттандырарлык". Бул тууралуу Навальный жаткан Москвадагы 64-шаардык оорукананын өкүлдөрү билдиришти. Бейтапкананын дарыгери Элдар Казахмедов оппозиционер аллергия болгонун, бирок "ага эмне себеп болгонун так айтуу кыйын экенин" "Интерфакс" жаңылыктар агенттигине маалымдады.
Навальныйдын жеке дарыгери Анастасия Васильева 43 жаштагы саясатчы белгисиз химиялык заттан ууланышы мүмкүн деген тынчсыздануусун айтты. Васильева 28-июлда саясатчыга кыска мөөнөткө кирип чыккан.
Навальный №1 атайын кармоо жайында 30 күндүк административдик жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. 28-июлда эртең менен бети шишип, териси кызарып чыккан.
Оппозиционер 24-июлда "митинг өткөрүүнүн тартибин бузду" деген айып менен камакка алынган. Анын алдында саясатчы тарапкерлерин 27-июлда Москва шаардык кеңешине шайлоого катышпай калган талапкерлерди колдогон акцияга катышууга үндөгөн эле.