Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:37

Навальный ооруканадан кайра абакка которулду


Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.
Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный.

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный ооруканадан кайра абакка которулду. Бул тууралуу анын жеке дарыгери Анастасия Васильева бүгүн журналисттерге билдирди. Ал саясатчынын саламаттыгынын начарлашына эмне себеп болгону аныкталбастан түрмөгө которулганына каршылыгын билдирүүдө.

Навальный №1 атайын кармоо жайында 30 күндүк административдик жаза мөөнөтүн өтөп жаткан. 28-июлда эртең менен бети шишип, териси кызарып чыккандыктан ооруканага жеткирилген.

Москвадагы 64-оорукананын дарыгерлери саясатчы аллергия болгонун айтышкан. Бирок Навальныйдын жеке дарыгери 43 жаштагы оппозиционер белгисиз химиялык заттан ууланышы мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирген.

Навальный 24-июлда "митинг өткөрүүнүн тартибин бузду" деген айып менен камакка алынган. Анын алдында саясатчы тарапкерлерин 27-июлда Москва шаардык кеңешине шайлоого катышпай калган талапкерлерди колдогон акцияга чыгууга чакырган.

XS
SM
MD
LG