Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:37

Жусубалиев боюнча сот өкүмү чыгышы мүмкүн


Азимкан Жусубалиев.
Азимкан Жусубалиев.

Биринчи май райондук соту ири пара менен кармалганы айтылган транспорт жана жолдор министринин мурдагы орун басары Азимкан Жусубалиевдин ишин кароону улантат.

Бул жолу айыпталуучулар акыркы сөзүн сүйлөп, сот аларга карата өкүм чыгарышы мүмкүн. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Жыргалбек Бабаев билдирди.

Буга чейинки соттук териштирүүдө прокуратура Азимкан Жусубалиевди 20 жылга абакка кесүүнү соттон суранган. Прокурор пара алууга ортомчулук кылганы айтылган Болотбек Токтобаевди мүлкүн мамлекетке конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыратууну, кылмыш иштин бетин ачууга көмөк көрсөткөнү үчүн Бехруз Гулрузовдун беренесин өзгөртүп, айып салууну өтүнгөн.

Адвокаттар кылмыш иши далилденбегенин айтып, актоону суранышты.

Ири пара боюнча тергөө марттын аягында аяктап, прокуратурага өткөрүлүп берилген. Тергөө бул иш боюнча үч кишини - Азимкан Жусубалиевди, Бехруз Гулрузовду (Италиянын "Todini" компаниясынын Алматы шаарындагы филалынын коммерциялык директору) жана Болотбек Токтобаевди (ортомчу) айыптоодо.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Азимкан Жусубалиев өлкө аймагындагы курулуп жаткан жол боюнча тендерге катышкан чет элдик компаниянын өкүлдөрүнөн пара катары 120 миң доллар алган деп айыпталууда. Ал былтыр декабрда 50 миң доллар пара менен кармалган. Чет элдик компаниянын кызыкчылыгын коргоо жалпысынан 520 миң долларга бааланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG