Иран менен Орусиянын аскер флоттору жакынкы күндөрү биргелешкен аскерий-деңиз машыгуу өткөрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Ирандын Аскер-деңиз күчтөрүнүн кол башчысы, контр-адмирал Хосейн Ханзади ИРНА агенттигине билдирди. Тегеран машыгуу ушул жылдын аягына чейин болот деп ишенүүдө.
Машыгуу Инд океанынын түндүк тарабында, Персид жана Оман булуңун байланыштырып турган Ормуз кысыгынын аймагында өтөт.
Контр-адмирал орус кесиптешинин чакыруусу менен үч күндүк сапар менен Орусияга барган. Жекшембиде ал Орусиянын Аскер-деңиз флотунун күнүнө арналган салтанатка катышты.