Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Босниядагы согушта курман болгон 86 мусулмандын сөөгү жерге берилди


Согуш курмандыктарынын сүрөттөрү.
Согуш курмандыктарынын сүрөттөрү.

1990-жылдын башында Босниядагы сербдердин согушу учурунда курман болгон 86 мусулмандын сөөгү 27-июлда жерге берилди. 2017-жылы Босниянын тоолуу районунда жалпы көрүстөндө табылгандарды эскерүү иш-чарасына жүздөгөн адам катышты. Курман болгондордун басымдуу бөлүгү эркектер, өспүрүмдөр болгон.

Серб полициясы 1992-жылы атылган 200дөй босниялык мусулмандын сөөгүн 25 жылдан кийин гана тапкан.

Согуштун курмандыктары Трнополе кыштагындагы лагерде катаал шартта кармалган. Арасында босниялык хорваттар да болгон. 1992-жылдын 21-августунда 200 кишиден турган топту "башка туткундар менен алмашуу болот" деген негизде лагерден алып чыгышкан. Бирок алмашуу болгон эмес, алар жалпы казылган чуңкурга жакын жерде атылган. Алардын 181инин тек-жайы аныкталды.

1992-1995-жылдардагы жарандык согушта 100 миңге жакын адам кырылган, миллионго жакыны үй-жайынан ажыраган. Ушул күнгө чейин 7 миңден ашык адамдын дайыны белгисиз.

XS
SM
MD
LG