Чүй облустук сотунда укук коргоочу Азимжан Аскаровдун иши кайра каралып жатат. Отурумга Аскаров өзү катышкан жок. Адвокат Валерьян Вахитов аны абактан бошотууну суранды. Ал эми мамлекеттик айыптоо өмүрүнүн аягына чейин кесилген адамдын иши кайра каралууга жатпай турганын билдирди.
Аскаровдун мыйзамдуу өкүлү Төлөкан Исмаилова бул соттук иш Кыргызстан үчүн маанилүү экенин, укук коргоочу негизсиз күнөөлөнүп жатканын белгиледи.
Ишти Чуй облустук сотунун Улан Садырбеков төрагалык кылган коллегиясы карап жатат. Учурда сот кеңешүү бөлмөсүнө кетти.
Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Анын иши 2017-жылы БУУнун сунушу менен кайра каралып, Чүй облустук соту «Аскаров улут аралык жаңжалды козутууга катышкан, Бишкек-Ош каттамынын 550-чакырымында мыйзамсыз жол тосууга аралашкан, ал жерде топтолгон эл куралсыз милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, он чактысы жеңил, ал эми Мыктыбек Сулайманов оор жараат алып, жаалданган адамдар кылмышын жаап-жашыруу максатында анын сөөгүн өрттөп жиберген» деп тапкан.
Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова, адвокат Валерьян Вахитов жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жиберип, аны эркиндикке же үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн.
Бүгүнкү соттук процесске Британия, Германия, Швейцариянын элчиликтеринин жана Human rights watch эл аралык уюмунун, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрү көз салууда. (BkA)