Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Чүй облустук соту Азимжан Аскаровду абакта калтырды


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Чүй облустук сотунун коллегиясы Азимжан Аскаровду абактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Ишти Улан Садырбеков төрагалык кылган коллегия карап чыкты.

Соттун аныктамасын судья Тилек Абдрашитов окуду:

- Соттолгон Азимжан Аскаровдун өтүнүчү жана Жаза аткаруу кызматынын №21 түзөтүү мекемесинин сунушу канааттандыруусуз калтырылсын. Аныктамага нааразы тарап кассациялык тартипте Жогорку сотко арызданууга укуктуу.

Адвокат Валерьян Вахитов Аскаровду бошотууну суранган. Ал эми мамлекеттик айыптоо өмүрүнүн аягына чейин кесилген адамдын иши кайра каралууга жатпай турганын билдирген.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган.

​Бүгүнкү соттук процесске Британия, Германия, Швейцариянын элчиликтеринин жана Human rights watch эл аралык уюмунун, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрү көз салды. (BkA)

XS
SM
MD
LG