Кыргызстандык дзюдочу Кубанычбек Айбек уулу дзюдо боюнча жаштар арасындагы Азия жана Океания чемпионатында күмүш медаль тагынды. Мелдеш ушу тапта Тайбейде өтүп жатат.
Эл аралык дзюдо федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 29-июлда Айбек уулу 60 килограммга чейинки салмакта күрөшүп, мелдештин финалына чыкты.
Финалдык беттеште ал жапониялык балбан Кондо Хаято менен күч сынашып, 2:0 эсебинде жеңилди. Алтын медалды жапон балбаны Кондо Хаято тагынса, Айбек уулуна күмүш байге тийди.
Финалдык беттешке чейин Айбек уулу 1/8 таймашта кувейттик дзюдочу Омар Алтхуфаирини, чейрек финалда казакстандык Дамир Болатбековду, жарым финалда тажик балбаны Мехрзод Суфиевди жеңди.
Бүгүн, 30-июлда дагы бир кыргыз балбаны Адил Мырзаев (81 кг) мелдештин коло байгеси үчүн күрөшөт. Ал казакстандык Нурбек Ортай менен күч сынашат.
Дзюдо боюнча жаштар арасындагы Азия жана Океания чемпионты 29-июлда башталып, ага 21 мамлекеттен 182 спортчу катышып жатат. Мелдеш бүгүн жыйынтыкталат. (GT)