Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Дарыя агызып кеткен кыргыз чек арачысынын сөөгү Өзбекстандан табылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Суу агызып кеткен кыргызстандык чек арачынын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу 30-июлда Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, №2030 аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан жоокер 19-июлда сыйгаланып, Ак-Булак дарыясына түшүп кеткен.

Аны издөө иштерине Кыргызстан жактан да, Өзбекстан тараптан да куткаруучулар катышты.

Суунун катуу агымы жоокерди окуя болгон жерден 11 чакырым алыс агызып кеткен.

Аскердин сөөгүн Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери таап, Кыргызстанга өткөрүп беришти.

XS
SM
MD
LG