Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:38

Боомдо жолго таш түшүп, бир машина жабыркады


Боом капчыгайы. Иллюстрациялык сүрөт.
Боом капчыгайы. Иллюстрациялык сүрөт.

Боомдо Бишкек менен Ысык-Көлдү байланыштырган жолго түшкөн таш тазаланып бүткөн, учурда жол кыймылына эч тоскоолдук жок. Бул тууралуу 30-июлда «Азаттык» радиосуна Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын өкүлү Ырысменди Бейшен уулу билдирди.

Анын айтымында, окуя 29-июлдун кечинде Боом капчыгайында, Бишкек – Торугарт автотрассасынын 142-чакырымында болгон.

- Төрт тилке жолдун бир жак тарабынын жарымына эле таш түшкөн. Адамдардан эч ким жабыркаган жок.

Тоодон кулаган таш "Toyota Wish" жеңил машинасына тийген, ичиндеги жүргүнчүлөр аман.

XS
SM
MD
LG