Ош-Баткен-Исфана жолунун оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткан тилкесинде 17 чакырым асфальт жаңыланды.
Жалпысынан 33 чакырым (75-108) аралыкты оңдоо долбоорун азербайжандык «Алке Иншаат Санайи ве Тижарет» компаниясы ишке ашырууда.
Анын техникалык жетекчиси Дмитрий Жафаров “Азаттыкка” билдиргенине караганда, курулушту жергиликтүү “Жагалмай” жана “Кызыл-Ордо” ишканалары жүргүзүүдө. Алар менен атайын келишим түзүлгөн:
- Учурда Ош-Баткен-Исфана жолунун 75-92-чакырымына асфальт төшөлдү. Жумушчулар эки нөөмөт менен иштеп жатышат. Бул аралыктагы жолго жалпысынан 121 суу өткөрүүчү түтүк коюлду.
Жол курууга «Алке Иншаат» ачкан асфальт-бетон чыгаруучу заводдун материалдары жумшалууда.
2017-жылы башталган иш 2020-жылдын августунда аяктоого тийиш.
Ош-Баткен-Исфана жолунун курулушуна жарыяланган тендер боюнча 20 млн 449 миң доллар каражат каралган. Анын 83% Ислам өнүктүрүү банкы, 11% кыргыз өкмөтү каржыламак.
Тендерди утуп алган «Алке Иншаат» «Курулум Таахют Иншаат» менен келишим түзгөн. Бул ишкана «Чакыр Япы Санайи Ве Тижарет» менен келишим түзүп, жолдун 75-108-чакырымын курдурмак. Бирок ал милдеттерин аткарбай, жергиликтүү жумушчуларга акчасын бербей кетип калган соң «Алке Иншаат» «Курулум Таахют Иншаат» менен келишимин бузган.
Ал эми “Чакыр Япы Санайи ве Тижареттин” жетекчиси Йылмаз Хун Эртугрул издөөгө алынганы кабарланган. (ZKo)