Кыргызстанда быйыл 88 бейөкмөт уюм мамлекеттен социалдык заказ алуу үчүн сынакка катышты. Натыйжада коомдук пайдалуу 56 долбоор тандалып алынып, 38 миллион сомдук каржылоого уруксат берилди.
Бул тууралуу 30-июлда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин маалыматына караганда, каржылоого уруксат алган долбоорлор майыптарды, кары-картаңдарды тейлөөнү жакшыртууга, аларды компьютер колдонууга, тикмечиликке үйрөтүүгө, абактан бошонуп чыккан аялдарды социалдык жактан реабилитациялоого жана зомбулуктан жабыркагандарды колдоого багытталат.
Мамлекеттен алынган социалдык заказ бюджеттик акчадан каржыланат. (RK)