Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:31

Иран: сот хижабсыз сүрөтүн жарыялагандар түрмөгө түшөрүн эскертти


Масих Алинежад.
Масих Алинежад.

Тегеран революциялык соту АКШда жашаган теги ирандык активист Масих Алинежаддын чакырыгын кубаттап жоолуксуз, хижабсыз сүрөтүн жарыялаган кыз-келиндер 10 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти.

Мунун алдында Алинежад социалдык тармактарда "Ак чөйрө" деп аталган каршылык өнөктүгүн баштаган жана анда ирандык кыз-келиндерди жылаң баш, чүмкөнбөгөн сүрөтүн жарыялоого чакырган.

Иранда 1979-жылкы Ислам революциясынан кийинки бийлик аялдар шарияттын мыйзамдарына ылайык кийинип жүрүшү керек деп чечкен. Ага ылайык, кыз-келиндердин баары дене-башын жашырган кийим кийип жүрүшү шарт. Өлкөдөгү адеп-ахлак полициясы хижаб тартибин сактабагандарга каршы тез-тез рейд жүргүзүп турат. Мыйзамды бузгандар эки айга камалат жана 25 доллар өлчөмүндөгү айып төлөйт.

Соңку жылдары кыз-келиндер мыйзамга каршылык билдирип, аны кыйгап өтүүнүн жолдорун издеп келет. Өлкөдө милдеттүү хижабга каршы нааразылык акциялары да өтүп, айрым аялдар камалган.

Масих Алинежад кыз-келиндерди жоолуксуз, хижабсыз жүрүүгө чакырган кампаниясын 2014-жылы баштаган. Иран бийлиги аны "ыймансыздыкты, адепсиздикти жайылтып жатат" деп айыптаган.

XS
SM
MD
LG