Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:26

Казакстан: түрмөдөгү кыйноого байланыштуу беш адам камалды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Казакстанда Ички иштер министрлиги Алматы облусундагы Заречный айылындагы абактагы кыйноого байланыштуу түрмө башчысынын орун басары баштаган беш кызматкер камакка алынганын билдирди. Министр Ерлан Тургумбаев бул абактын жетекчиси, анын дагы эки орун басары болуп жети адам кызматтан бошотулганын, 14 кызматкер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылганын маалымдады.

Укук коргоочулар түрмөдө жаткандарды кыйнагандарга жеңил жаза берилип калганына нааразы болуп жатат. Мунун алдында социалдык тармактарда түрмө кызматкерлери абакта жаткандардын колу-бутун байлап, аёосуз сабап жатканы тартылган бир канча видео жарыяланган.

"Азаттыктын" казак кызматы буга чейин Заречный айылындагы түрмөдөгү кыйноо, адам өлүмү менен аяктаган кайгылуу окуялар тууралуу жазган.

XS
SM
MD
LG