Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон чек ара боюнча соңку сүйлөшүүдө бир пикирге келе алышты. Бул тууралуу бүгүн 30-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев Бишкекте өткөн брифингде маалымдады.
Дыйканбаевдин белгилешинче, эки президент мамлекеттик чек ара маселесин чечүүгө даярдыгын билдиришти жана бул жолугушуу алардын саясий эркин көрсөттү.
- Президенттер мамлекеттик чек араны делимитациялоо боюнча сүйлөшүүлөрдө башкы элемент болуучу юридикалык негиздерге карата мамилени талкуулашты,- деди Дыйканбаев "Азаттык" радиосуна.
22-июлда кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан.
Кыргыз тараптын маалыматына караганда, Тажикстандын Ворух айылынын кире беришиндеги такталбаган жерге тажик желегин орнотуу учурунда эки тарап чырдаша кеткен. Кыргызстандын Ак-Сай айылынын тургундары желек орнотууга каршы болгон.
Тажикстандын Чек ара кызматы кыргыз жарандары «Ак-Сай айылы» деген жазууну орнотууга аракет кылганына ворухтуктар нааразы болуп, чыр ушундан улам чыкканын, бир киши каза болгонун билдирүүдө.
Кыргыз-тажик чек арасындагы абалдан улам эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Эмомали Рахмон 26-июлда Тажикстандын Исфара шаарында, 27-28-июлда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында сүйлөшүү жүргүзүшкөн.