Иранда сот Тегеран шаарынын мурдагы мэри Мохаммед Али Нажафини экинчи аялынын өлүмү үчүн күнөөлүү деп тапты жана өлүм жазасына тартуу тууралуу өкүм чыгарды. Өлкөнүн сот системасынын басма сөз өкүлү Голамхосейн Эсмаили "Mizan" маалымат агенттигине "сотто айыпталуучу кылмышка атайлап барганы аныкталды" деп билдирди.
67 жаштагы Нажафи соттун төмөнкү инстанциясынын өкүмүнө арызданып Жогорку сотко 20 күндүн ичинде кайрыла алат. Анын экинчи аялы Митра Остаддын сөөгү ушул жылы 28-майда Тегерандын түндүк-батыш тарабындагы үйүндө табылган. Өлкө бийлиги Нажафи полицияга өзү келгенин жана аялы экөө араздашып жатканда аны атып салганын мойнуна алганын билдирген.
Нажафи мэрлик кызматтан былтыр ден соолугуна байланыштуу кеткен. Анын алдында мэр катышкан иш-чарада жаш кыздардын бийлегени катуу сынга кабылган. Нажафи убагында вице-президент да болгон.