Бүгүн, 31-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун ишин карай баштайт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Кубанычбек Ташбалтаев билдирди.
Илимяновго козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-июлда билдирген.
Маалыматка караганда, Илмиянов алдамчылык жолу менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алганы үчүн айыпталып жатат. Тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (“Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык”) боюнча кылмыш жасаганы тууралуу маалымдалган.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары таанымал Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал учурда Бишкектеги УКМКнын тергөө абагында кармалууда.
Илмиянов мамлекет башчынын кеңешчиси болуп 2015-жылы парламенттик шайлоодон кийин иштеген. Ага чейин президенттик аппараттын башчысынын биринчи орунбасары болгон. (КЕ)