Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:08

Рысалиев Воронцовкадагы калыбына келтирүү борборунан чыкты


Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн бошотулушу боюнча сурак берген парламенттеги “Республика Ата-Журт” фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы дурус.

Ал Бишкектин четиндеги Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунан ушул дүйшөмбүдө, 29-июлда чыкканын “Азаттыкка” аталган мекемеден билдиришти. Маалыматка караганда, 21 күндүк дарылануудан кийин, депутаттын абалы бир аз жакшырган.

Батукаев бошотулган учурда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматын (ЖАМК) жетектеп турган Рысалиев быйыл 7-июнда Ички иштер министрлигинде сурак берип жатканда өзүн жаман сезгени айтылып, ооруканага жеткирилген. Ал президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу атайын ооруканада дарылангандан кийин 2-июлда Таш-Дөбөгө которулган. (KE) 

 

XS
SM
MD
LG