Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:36

Пакистандагы жардыруудан төрт киши мерт болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарында полициянын машинесине жакын жерде жарылуу болуп, төрт киши мерт болду.

Дагы 20дан ашуун киши жараат алганын расмий булактар билдиришти. Жергиликтүү полициянын өкүлү Бахат Ачакзай чабуул шаардын борборунда токтоп турган машина тарапка жасалганын айтты.

“Бул жанкечти-террорист болгонбу же жардыргыч зат жарылганбы текшерип жатабыз”, - деди полиция кызматкери Мухамад Тахир.

Медицина кызматкерлеринин айтымында, каза болгондордун бирөө аял, экөө бала. Учурда 25 киши ооруканада дарыланып жатат. Арасында абалы оорлор да бар. Жоопкерчиликти эч бир террордук уюм өзүнө ала элек.

XS
SM
MD
LG