Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:29

ЕБ: Кара деңизде таштанды эки эсе көп


Кара деңиз.
Кара деңиз.

Жер ортолук деңизге караганда Кара деңизде эки эсе көп таштанды бар.

Европа Биримдиги БУУнун Өнүктүрүү программасы, Украинанын экология жана жаратылыш ресурстары министрлиги менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу 30-июлда маалымат таратты.

Ага ылайык, таштандынын 83 пайызын желим бөтөлкө, баштык жана момпосуйдун кабыгы түзөт. Деңизге Украинанын ири дарыяларынан саатына алтыдан 50гө чейин таштанды агып келет. Муну эске алганда, Кара деңиздин 90,5 чарчы чакырымында (кв/километр) таштанды бар. Ошол эле кезде Жер ортолук деңиздеги таштанды болжол менен 50 чарчы чакырым экени айтылган.

Мындан сырткары изилдөө Кара деңизде адамдарга жана суудагы жандыктарга зыян, уулу заттар бар экенин аныктаган. "Кара деңиздин тайыз жана эки миң метр тереңинде дагы микропластик табылды", - деп жазылган билдирүүдө.

Европа Биримдигинин Кара деңизди изилдөө, байкоо жүргүзүү долбоору 2020-жылга чейин эсептелип, бюджети 1,6 млн. еврону түзөт.

XS
SM
MD
LG