Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:15

Илмияновдун соту 7-августта уланмай болду


Икрамжан Илмиянов сотко жеткирилген учур. 2018-жыл.
Икрамжан Илмиянов сотко жеткирилген учур. 2018-жыл.

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун соту 7-августта уланат. Мындай чечимдин кабыл алынышына соттолуучу айыптоо актысын колуна ала электиги себеп болду.

Бишкектин Октябрь райондук соту Илмияновдун ишин бүгүн карап баштаган. Соттук жараянды фото жана видеого тартууга уруксат берилген жок.

«Шоопур» деген каймана ат менен таанылган жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Ага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG