Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда кирпич заводун сел каптап, табият кырсыгынын кесепетин жоюу иштери бүгүн да уланууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 30-июлдун кечинде Жолголот айылында нөшөр жаандан улам сел өтүүчү каналдан суу ашып, кирпич чыгаруучу заводдун аймагын каптаган.
Жеринде ыкчам чара көрүү максатында ӨКМдин Ак-Суу райондук ыкчам тобу, заводдун өзүнөн бир жүктөгүч жана бир экскаватор тартылып, сел өтүүчү каналдын тосмолору тазаланды.