Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:53

Башкы прокуратура: Нариман Түлеев кылмышка шектелүүдө


Нариман Түлеев. Архивдик сүрөт.
Нариман Түлеев. Архивдик сүрөт.

Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев жана мэриянын айрым кызматкерлери жер мыйзамдардын бузууга шектелип жатышат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Башкы прокуратуранын өкүлү Кадырбек Марайымбеков билдирди:

- Бул эпизод боюнча Түлеев жана мэриянын башка кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып, пайда көрүү максатында Түлеевге байланышы бар адамдарга жер тилкелерин мыйзамсыз беришкен.

Марайымбековдун айтымында, бул фактыны Октябрь райондук прокуратурасы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен каттады.

Кеп Бишкектеги Ала-Арча-3 шаарчасындагы 650 чарчы метр тууралуу болууда.

Түлеев өзү "Азаттыкка" бул айыптоолор негизсиз экенин билдирди:

- Мени менен байланышы бар адамдар деп жатышат. Мунун далили болуш керек да. Экинчиден, мен ал адамдарды тааныбайт экемин.

Нариман Түлеев "Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген" деп соттолгон. 11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен мөөнөтүнөн мурун абактан бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG