Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:34

Беларуста жыл башынан бери экинчи киши өлүмгө өкүм кылынды


Өлүм жазасына каршы жумалык. Беларусь, 2017-жыл
Өлүм жазасына каршы жумалык. Беларусь, 2017-жыл

Беларуста 31-июлда эки аялды өлтүрүүгө айыпталган киши өлүм жазасына өкүм кылынды.

Беларус өлүм жазасын колдонгон Европадагы жападан жалгыз өлкө. Минскиде жайгашкан “Вясна” укук коргоо уюму маалымдагандай, Витебск шаарынын соту Виктор Палау өткөн декабрда эки улгайган аялды сабап өлтүрүп, акчасын уурдап кеткенин аныктады.

50 жаштагы Палау кылган кылыгы үчүн өкүнөрүн айтып, соттон өмүрүн сактап калууну суранды. Жыл башында Беларуста дагы бир кылмышкер өлүм жазасына тартылган.

Канча жылдан бери Европа Биримдиги Минскини бул жазага мораторий жарыялоого үндөп келет. Өлкө эгемендик алган 1991-жылдан бери 400дөй киши сот тарабынан өлүмгө өкүм кылынган. Укук коргоочулардын айтымында, Беларуста былтыркы май айынан бери төрт өкүм ишке ашты.

XS
SM
MD
LG