Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:58

АКШ жумушчу жана студенттик визаларга төлөмдү азайтат


АКШ кыргызстандыктарга бериле турган студенттик жана жумуш визаларына төлөмдөрдү азайтат. Арзандаган сумманын баасы азыр так айтыла элек, тийиштүү процедурадан соң жарыяланып, быйыл 7-августта күчүнө кире турганын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Буга чейин визанын түрүнө жараша 160 доллардын тегерегинде төлөнгөн. Мындай макулдашууга АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Жонатан Хеник Кыргызстанга сапарынын алкагында жетишилди.

АКШнын делегациясы төртүнчү кыргыз-америка эки тараптуу кеңешмесине катышуу үчүн Бишкекке 30-июлда келди. Мындай сүйлөшүү акыркы ирет 2015-жылы Вашингтондо уюштурулган.

Жонатан Хеник Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен жолукту.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ылайык, АКШ Борбор Азиянын аймактык электр кубатынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө кошумча инвестиция тарта турганы да белгиленип, Кыргызстан менен макулдашылды.

10-октябрда АКШ элчилиги биринчи жолу Бишкекте Эл аралык франшиза жана соода көргөзмөзүн уюштурары кабарланды. Бул көргөзмө АКШ, Европа Биримдиги, Түштүк Корея жана Жапония компанияларын кыргыз жана аймактык бизнес лидерлери менен байланыштырат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, АКШ демократиялык институттарды, базар экономикасын бекемдөөгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстан менен АКШнын кызматташтыгы боюнча жаңы келишимди түзүү иштери ортолоп калды. Мурдагы келишимден Бишкек 2015-жылы бир тараптуу чыккан.

XS
SM
MD
LG