Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:44

Түндүк Корея дагы ракеталарын сынады


Сеул, 31-июль 2019-жыл
Сеул, 31-июль 2019-жыл

Түндүк Корея бир жумада экинчи жолу кыска аралыкка уча турган баллистикалык ракеталарын сынады. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Куралдуу күчтөрүнүн биргелешкен штабы билдирди. "Мындай аракеттер жарым аралдагы чыңалууну жөнгө салууга салым кошпойт", - деп белгиленет штабдын билдирүүсүндө. Эки ракета 30 километр бийиктикте 250 километр алыска учуп барып Жапон деңизине түшкөн.

25-июлда Пхеньян Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын менен АКШ президенти Дональд Трамптын июндагы жолугушуусунан кийин биринчи жолу ракетасын сынаган. Эки Кореяны бөлгөн тилкеде кездешкен жетекчилер өзөктүк куралдан арылуу тууралуу сүйлөшүүнү жандандырууну макулдашкан.

Пхеньян ракета учурууну АКШ менен биргелешкен машыгуу өткөрүүнү пландап жаткан Сеулга эскертүү катары сыпаттады. Буга чейин Түндүк Корея бийлиги эмки айда башталып жаткан иш-чараны оккупацияга даярдык катары баалап, нааразылык билдирген.

Айдын башында Түндүк Кореянын Тышкы иштер министрлиги өзөктүк жана узак аралыктагы ракета сыноолоруна киргизилген мораторийди алып салышы мүмкүн экенин билдирген.

Трамп 20 айга созулган мораторийди өзүнүн тышкы саясаттагы ири жетишкендиги деп мүнөздөйт.

XS
SM
MD
LG