Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:01

Конгонун Гома шаарында Эболанын экинчи учуру тастыкталды


Эбола вирусун текшерүү. Гома шаары, Конго. 15-июль, 2019-жыл
Эбола вирусун текшерүү. Гома шаары, Конго. 15-июль, 2019-жыл

Конгонун Гома шаарында Эбола вирусунун экинчи учуру тастыкталды. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюму 2 миллион киши байырлаган калаада үстүбүздөгү айда глобалдык өзгөчө абал жарыялаган. Былтыр августта илдет жайыла баштагандан бери Конгодо Эболадан 1 миң 600дөн ашуун киши көз жумду.

75 миллион киши текшерүүдөн өткөрүлгөн ири кампаниянын жыйынтыгында вирустан негизинен эки чөлкөм жапа чеккени аныкталды. Гома – Руанда менен чек арага жакын жерде орун алган. Ал жакта эл аралык аэропорт да бар.

18-июлда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун чукул кырдаалдар комитети Эбола эпидемиясынын кеңейүү коркунучу бар деп эскерткен.

Бул вирустук инфекция адам баласынан тышкары кээ бир жаныбарларга да жугат. Көп учурда өлүм менен аяктайт. Илдетке чалдыккан кишинин ичи өтөт, кусат, булчуңдары ооруйт.

Мындан төрт жыл мурда батыш Африкада эпидемия башталып, Гвинея, Сьерра-Леоне жана Либерияга чейин жайылган. Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, акыркы ири эпидемия учурунда 30 миңдей киши жабыркаган, 11 миңден көбү өмүр менен кош айтышкан.

XS
SM
MD
LG