Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:09

Украинада полициянын мурдагы кызматкери тыңчылык кылган деген шек менен кармалды


Украинанын коопсуздук кызматы. Киев шаары
Украинанын коопсуздук кызматы. Киев шаары

Украинанын Коопсуздук кызматы Запорожьеде Орусиянын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген шек менен мурдагы полиция кызматкери кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, ал “чөлкөмдөгү социалдык, саясий жана экономикалык абал тууралуу маалымат чогултуп, Крымга утур-утур барып турган. Аннексияланган жарым аралда “маалыматтарды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлүнө” өткөрүп келген".

Мунун алдында, 18-июлда атайын кызмат Полтава облусунда ушундай эле шек менен мурдагы тартип коргоочу кармалганын билдирген. Экөөнүн тең аты аталган жок.

Орусия Крымды 2014-жылы оккупациялап алгандан кийин аннексиялаган. Ошол эле жылы кошуна өлкөнүн чыгышында козголоңго жем таштап, жикчилерди колдоого алган. Куралдуу жаңжал чыккандан бери 13 миңден көп киши өлдү.

XS
SM
MD
LG