Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:42

Исмаилова: Догдурлар Азимжан Аскаровду текшерип берүүдөн коркуп жатышат


Азимжан Аскаров.
Азимжан Аскаров.

Түрмөнүкүнөн башка доктурлар Азимжан Аскаровдун ден соолугун текшерип берүүдөн баш тартып жатышат. Бул тууралуу бүгүн 31-июлда “Азаттык” радиосуна Аскаровдун коомдук жактоочуcу Төлөкан Исмаилова билдирди:

"Жеке да, мамлекеттик да ооруканадагылар коркуп, баш тартууда. Айрыкча Батукаевге байланыштуу догдурлар камалгандан кийин аябай коркуп жатышат. Экинчиден, бири жердеш болуп чыгууда, бири жумуштан алып коет деп коркууда. Бул да саясат. Анткени Аскаровдун иши өзү саясат".

Исмаилованын айткандары боюнча комментарий алуу үчүн “Азаттык” Жаза аткаруу кызматына кайрылды. Мекеменин басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова буларды билдирди:

"Биздин дарыгерлер “алыбыз келбей калды” десе тиешелүү догдурларды алып келебиз. Ошолордун сунушу, консилиумдун чечими менен башка жакка алып чыгышыбыз мүмкүн. Азырынча андай сунуш келе элек".

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондо 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деген айып менен соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Ал Чүйдүн Жаңы-Жер айылындагы №19 абакта кармалууда.

30-июлда Чүй облустук сотунун коллегиясы Аскаровду абактан бошотуу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартты. Соттук процесске Британия, Германия, Швейцариянын элчиликтеринин жана Human Rights Watch эл аралык уюмунун, БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрү көз салды.

Адвокаттар ал айыбы жок экенин, ден соолугу улам начарлап баратканын жүйө келтиришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG