Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Иран улуттук валютасын деноминациялайт


Ирандын өкмөтү улуттук валютадан төрт нөлдү алып салуу планын жактырды. Бул тууралуу 31-июлда кабинеттин жыйынынан кийин өкмөттүн басма сөз катчысы Али Рабиеи билдирди. Эми долбоор парламенттен жана Революция сакчыларынын кеңешинен өтүүгө тийиш.

Ислам жумуриятында бир нече жылдан бери инфляция жогору болуп, улуттук акча – риалдын куну качууда. Реалдын деноминациясы көптөн бери талкууланып келет.

Апрелде Эл аралык Валюта фонду быйыл Ирандын экономикасы 6 процентке төмөндөйт, инфляция 40 процентке жетиши ыктымал деген прогнозун чыгарган.

Былтыр АКШ 2015-жылы Тегеран менен кол коюлган көп тараптуу эл аралык өзөктүк келишимден чыгып, санкцияларды калыбына келтиргени Ирандын экономикасы ого бетер начарлады.

XS
SM
MD
LG