Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

Чымкенттин акими Лондондогу видеодон кийин кызматтан алынды


Габидулла Абдрахимовдун Иснтаграммдагы видеосунан алынган сүрөт.
Габидулла Абдрахимовдун Иснтаграммдагы видеосунан алынган сүрөт.

Казакстанда үчүнчү ири шаардын - Чымкенттин жаңы мэри болуп Ерлан Айтаханов дайындалды. Президенттин тиешелүү буйругу 30-июлда кечинде расмий сайтка жарыяланды. Айтаханов буга чейин Түркстан облусунун Отырар районунун акими болчу.

Чымкенттин мурдагы шаар башчысы Габидулла Абдрахимов Лондондогу кымбат «Ритц» мейманканасынын жанында тартылган видео чыккандан көп өтпөй кызматтан алынган. Инстаграммадагы баракчасына жарыялаган видеодо 44 жаштагы аким өзүн «мекенчил» деп атаган жаштар «Казакстанда ийгиликтүү иштеп, максаттарына жетип, дүйнөнү кыдырып саякатташсын» деген каалоосун айткан.

Социалдык тармактарда мамлекеттик кызматкердин мындай жүрүм-туруму катуу сынга кабылган.

Президенттик администрациянын жетекчиси Крымбек Кушербаев Абдрахимов "ишенимден чыкканын" айтып, жетекчилер «элге кызмат өтөп, өздөрүн туура алып жүрүүгө тийиш» деп кошумчалады.

XS
SM
MD
LG