Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Бишкекте Путинге каршы чыккан активисттердин иши кыскартылды


Владимир Путинге каршы пикетке чыккан Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаева. Бишкек. 27-март, 2019-жыл
Владимир Путинге каршы пикетке чыккан Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаева. Бишкек. 27-март, 2019-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы пикетке чыккан Нурлан Карымшаков менен анын жубайы Гүлзана Имаевага карата кылмыш иши кыскарды. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, тергөө үчүнчү экспертизанын жыйынтыгынан кийин “аты аталган жарандардын аракетинде кылмыштын курамы жок” деген негизде ишти 26-июлда кыскарткан.

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга келерден бир күн мурун жарандык активист Нурлан Карымшаков аялы Гүлзана Имаева экөө Бишкектеги орус элчилигинин астына пикетке чыгышкан. Жубайлар 27-март күнү эртең менен колуна “Путин - агрессор, канкор” жана “Ысык-Көлдө Путиндин торпедаларына жол жок” деген жазуусу бар плакаттарды көтөрүп турганда милиция аларды кармап кеткен.

29-мартка караган түнү Биринчи май райондук соту бөгөт чарасын жабык карап, жубайларды тергөө аяктаганга чейин өлкө аймагынан чыкпоо шарты менен үй камагына алган.

Активисттер көтөрүп чыккан жазуулар буга чейин эки жолу лингвистикалык экспертизадан өткөрүлгөн. Биринчисин Мамлекеттик соттук экспертиза кызматынын адистери өткөрсө, экинчисин орусиялык лингвисттер жүргүзүп, «улут аралык, расалык жана жек көрүүчүлүккө, агрессияга чакырык жок» деген тыянак чыгарышкан. Ушунун негизинде адвокат сотко ишти кыскартуу тууралуу арыз жазган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG