Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:17

Өкмөт башчы мугалимдердин айлыгын жогорулатуу механизмин иштеп чыгууну тапшырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мугалимдердин айлык акысын жана пенсиянын өлчөмүн жогорулатуу механизмдерин талкуулоо боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчынын айтымында, пенсия ушул күздө жогорулайт. Ал эми өкмөттүн алдында мугалимдердин айлыгын көтөрүү боюнча милдеттер турганын белгиледи. Бул үчүн механизмдерди иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Буга чейин өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 1-сентябрдан тарта мугалимдердин айлыгы, ал эми 1-октябрдан тарта пенсия көтөрүлө турганын билдирген.

Жыл башында Финансы министрлиги 2018-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстанда орточо айлыктын өсүшү 3,8 пайызды түзүп, 16 миң 218 сом деп эсептелгенин билдирген.

2018-жылы ноябрь айында Улуттук статистика комитети Кыргызстандагы бир айдагы орточо эмгек акынын өлчөмү 15 миң 752 (226 доллар) сомду түзгөнүн кабарлаган. 2017-жылы бул көрсөткүч 14 миң 800 сом болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG