Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:02

Спикер Дастан Жумабеков Ошту кыдырды


Төрага Гүлчөдөгү кооптуу аймакта. Алай району. 31-июль, 2019-жыл.
Төрага Гүлчөдөгү кооптуу аймакта. Алай району. 31-июль, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 30-31-июлда Ош облусунун Ноокат, Араван жана Алай райондорун кыдырып, жергиликтүү эл менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Спикер элдин, жергиликтүү бийликтин суроо-талаптарын, сунуштарын угуп, аймактардагы социалдык мекемелердин абалы менен таанышты.

Дастан Жумабеков жолугушууда негизинен элди саясий стабилдүүлүктү сактоого чакырды. Ал айрым күчтөр абалды курчутууга аракет кылып жатканын белгилеп, элди андай чагымчылыкка алдырбоого үндөдү. “Туруктуулук болсо элдин жашоосу да жакшы болот”,- деди спикер.

Дастан Жумабеков Алай районундагы Ленин айылында курулушу каражаттын жетишсиздигинен токтоп калган бала бакчага төраганын фондунан 100 миң сом бөлүп берүүнү убада кылды.

Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары коштогон төрага Ош облусундагы өзгөчө кооптуу аймактардын абалына да көңүл бурду. Гүлчө айылындагы жыл сайын жазында суу кирген убакта ташып кетүүчү дамбанын курулушун эртелетүүгө көмөктөшөрүн билдирди.
Спикер Дастан Жумабеков 29-июлда Жалал-Абад облусунун Ноокен, Майлы-Суу, Базар-Коргон жана башка райондорун кыдырган. (MdN)

XS
SM
MD
LG