Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Абылгазиев “Центерранын” президенти менен жолукту


"Кумтөр" алтын кени.
"Кумтөр" алтын кени.

Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев “Centerra Gold Inc.” компаниясынын президенти Скотт Перри жана директорлор кеңешинин айрым мүчөлөрү менен жолугушту.

Анда “Centerra Gold Inc.” компаниясынын ишмердүүлүгү, Кумтөр кенинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланды. Өкмөттөн басма сөз кызматы билдиргендей, Скотт Перри 2019-жылдын алты айында Кумтөр 9,2 тонна алтын өндүргөнүн (2018-жылы ушул убакытта 5,7 тонна алтын өндүрүлгөн), тоо-кен чалгындоо программасына эки жылда 18 млн. доллар бекитилгенин маалымдады. Буга кошумча май айында дагы 6 млн. доллар бөлүнгөн.

Тараптар экологиялык төлөмдөрдү көтөрүү, аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүү жана жыл сайын ага төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча кыргыз тарап койгон шарттарды талкуулады.

Премьер-министр чечим кабыл алуу процесси ачык-айкын болушу керектигин айтты. Абылгазиев Трасттык рекультивация фондун Кыргызстанга которуунун маанисин жана рекультивация кылуу долбооруна убагында даярдык көрүүнү белгиледи.

Белгилүү болгондой Кумтөр боюнча Стратегиялык келишимде көрсөтүлгөн шарттарды аткаруу мөөнөтү 10-августта аяктайт.

Буга чейин өкмөт башчы Абылгазиев мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кол койгон келишим “Кыргызстандын кызыкчылыгын толук коргобой” турганын айткан. Ал келишимди күчөтүш керек экенин, экологиялык, социалдык өнөктөштүк маселеси бар экенин билдирген. 2017-жылдын 11-сентябрында өкмөт менен “Центерра Голд” компаниясынын ортосунда Айлана-чөйрөнү коргоо жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча стратегиялык келишимге кол коюлган.

Ага ылайык “Кумтөр” компаниясы Калыбына келтирүү фондуна жыл сайын 6 млн. доллар бөлүп турат. Келишим боюнча бул каражаттын минималдуу көлөмү 69 млн. долларга жетиши керек жана келечекте акча Англиядагы банктан Кыргызстанга которулууга тийиш. Бирок бул келишимге коомчулукта нааразы пикирлер көп болуп, ага кол койгон мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковду кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө сунуштар айтылган.

Кумтөр маселеси июндун соңунда Жогорку Кеңеште жабык талкууланган. Айрым депутаттар Кумтөр боюнча өкмөттүн келишими чийки экенин белгилешкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG