Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Кыргыз-өзбек өкмөт аралык сүйлөшүүлөр өтөт


Абдулла Арипов менен Мухаммедкалый Абылгазиев.
Абдулла Арипов менен Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бүгүн, 1-августта Кыргызстанга иш сапар менен өзбек премьер-министри Абдулла Арипов келет. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Арипов менен кыргыз премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин соңку жолугушуусу 2018-жылдын декабрында Ош шаарында өткөн. Анда кыргыз-өзбек өкмөт башчылары кызматташуу боюнча жол картасына кол коюшкан.

Бул жолку жолугушуунун күн тартиби айтыла элек.

Соңку үч жылда Өзбекстан Кыргызстанга экспортун беш эсе көбөйттү. 2016-жылы коңшулар Бишкекке болгону 67 миллион долларлык товар жөнөтсө, 2018-жылы бул сумма 350 миллион долларга чукулдады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG